Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жылына өсүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.
Анын айтымында, быйыл былтыркыга салыштырмалуу декларация тапшыргандардын саны 35 миң 879га көп. "Ал эми 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 29 миң 494кө, 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 13 миң 730га көп болгон. Быйыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирешелери жөнүндө декларацияларын салык органдарына электрондук түрдө тапшыра башташты", - дейт ал.