Салык кызматы: "Депутат Жолдошбаевдин декларациясы кадимки тартипте 1-июлдан баштап текшерилет"

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин декларациясы кадимки тартипте 1-июлдан тарта текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Мукай Нусупов билдирди.

Анын айтымында, декларант 30-июнга чейин декларацияга өзгөртүү киргизсе болот. Ал 1-июлдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларын текшерүү баштала турганын билдирди. Ошону менен катар эле Нусупов аталган депутат декларация тапшырганын кошумчалады.

Эске салсак, айрым маалымат булактары Жолдошбаевдин Бишкек шаарында 2,5 гектар жерди ээлеген үйү бар экенин жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан