Теңизбек Абжапаров: "2 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырган эмес"

1 миң 830 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Ал билдиргендей, декларация тапшырбагандарга 2 миң сом айып пул салынат. "Жогоруда декларация тапшырбагандарга жалпы 1 миллион 330 миң сом айып пул салынды. Убагында декларация тапшырбагандардын тизмесин прокуратура органына өткөрүп беребиз", - деди ал.

Абжапаров айып пулдун көлөмүн көбөйтүү үчүн айтылган сунушка: "Айып пулду көбөйтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек болот", - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан