"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Санэпидемстанция: "Товарларды текшербей эле квитанция берет делген биздин эмес, ветеринардык көзөмөлдөө борборунун кызматкери"

"Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы базарга "санэпидемстанциясынанмын" деп бир аял келип, түшүмүн сатып отурган дыйкандардан 50 сом алат да, текшерүүдөн өттү деген квитанция берет" деген билдирүүсүн окурман SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Аталган маселе боюнча Баткен райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кайрылганыбызда төмөнкүдөй жооп берди:

"Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы базарда соода кылып жаткан дыйкандардын товарын текшербей эле квитанция берип жатат делген адам биздин кызматкер эмес. Сүрөттөгү квитанция дагы бизге таандык эмес. Анда жазылып тургандай ал Ветеринардык көзөмөл борборуна тиешелүү".

Бул жоопту алган соң Кадамжай райондук ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылдык. Башкармалыктын жетекчиси Мухаммед Шакиров ушул жылдын апрель айынан тартып мамлекеттик тамак-аштардын сапатын текшерген лабораториялар жеке жактарга өткөнүн билдирди. Айтымында, мындай иш-аракеттер өкмөттүн токтому менен ишке ашкан. Буга мамлекеттик лабораторияларда керектүү жабдыктарды камсыздоого жана кызматкерлерге эмгек маяна төлөөгө каражаттын жетишсиздиги себеп болгон.

"Сиздер айтып жаткан Кызыл-Кыя шаарындагы базарды көзөмөлдөгөн лаборатория да жеке жактарга өткөрүлгөн. Ал мамлекет тарабынан камсыздалбайт, аларга каражат бөлүнбөйт. Демек, алардын товарларды текшергендиги үчүн акча алгандыгы мыйзамдуу. Бирок товардын көлөмүнө жараша 20 сомдон тартып акча алынат. Бул маселе жергиликтүү кеңеште чечилген.

Белгилеп айта кетчү жагдай, алар товарды текшербей туруп акча алып эле, текшерилди деген квитанцияны бергени туура эмес. Учурда заманбап жабдыктар чыгып калган, колго көтөрүп жүрүп эле товардын сапатын ошол жерден текшерип бере алат.

Алар менчик болгону менен ветеринардык көзөмөлдөө инспекциясы үстүнөн текшерип, көзөмөл жүргүзүп турат. Биздин кызматкерлер лабораториянын кызматкерлери менен байма-бай жолугуп, мыйзамсыз көрүнүштөрдүн орун алышынын алдын алышат.

Ал эми порталга жарыяланган жагдай боюнча айтсам, бул боюнча кызматтык иликтөө башталды. Кызматкерлер базарга кетишкен, жеринен окуя менен таанышышат. Эгер лабораториянын кызматкери чын эле товарды текшербей туруп, акча алып квитанция берсе сөзсүз тиешелүү чара көрүлөт. Кийинки аптанын башында иш териштирилип бүтөт, жыйынтыгын сөзсүз сиздерге кабарлайбыз", - дейт Шакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boris8907
2018-06-28 16:16:39
Эт деле ошондой убойный цехте бир кызматкер печаты менен турат анан текшербей эле акчасын алып кетире берет
+1
Jasa
2018-06-28 16:23:00
Кыскасы баары кааша……крда.
+1
Pchelka85
2018-06-28 16:41:25
Ой ее. Беловодскидеги эт текшерген байкени деле коп жолу коргом, алып келген эттен сулп этинен очойтуп кесип алып анан печатты тарс бастырып коюп берет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан