“Уран калдыгы калган жерлерден көчүрүү иштери жүрүп жатыптыр. Эл тынчсызданып жатат". Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков айтты.
Ал өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовго аталган багытта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Турсунбеков: "Чегиртке маселеси көтөрүлүп жатат. Бул тиешелүүбү билбейм. Бирок буга да эл тынчсызданып жатат. Кандай чара көрүлүүдө?" - деп сурады.
Мирзахмедов: "Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алабыз. Чегиртке маселеси боюнча да биздин министрлик тиешелүү иштерди алып барууда. Мендеги маалыматка караганда, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине өкмөттөн чегирткеден коргонуу үчүн 15 миллион сом бөлүп берилген”, - деп билдирди.
Эске салсак, 22-июнда Нарын облусунда айдоо аянттарын жана жайыттарды чегиртке каптаганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланганы айтылган.