СУПЕРСТАН: Баламды, мени ачык эле батырбай калышты. Өз үйүмдө өгөй болуп калдым

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өз ата-энемдин үйүнө келиндер батырбайт" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Биз 5 бир тууганбыз. Үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Турмушка чыгып, бирок күйөөм көп ичкендиктен чогуу жашай албай 6 айдан соң өз үйүмө келип калдым. Ал убакта боюмда бар, 3 айдан өтүп калган эле. Ошол боюнча кайын журтум кабар деле алышкан жок, а мен уулдуу болдум. Ошентип уулум экөөбүз ата-энемдин үйүндө жашап калдык.

Анан агам, иним үйлөндү. Мына кептин баары ошондо башталды. Эки келиндин ортосунда жашоо өтө оор экен. Мен жалгыз кыз болгонум үчүн жеңелеримди бир тууганымдай кабыл алганым менен алар мени, баламды түрткүлөшүп турушту. Иштеп жүргөн убагымда өзүмө эмне алсам аларга да алчу болдум. Ата-энемдин кийимдерин да аларга жүк болбосун деп өзүм жууп турам. Бир күн ооруп жатып калганда баары билинди, бир ооз ден соолугумду сурап койгонго жарашкан жок. Жумуштан кечирээк келип калган күндөрү үйдө апам жок болуп калса, ачык эле тамак салып астыбызга койбой коёт. Өзү салып жей бербейби деп ойлошуңар мүмкүн, бирок аларды ыңгайсыз абалга калтыргым келчү эмес. Ошентип күндөр, ай, жылдар өтүп, жеңем экинчи баласына боюнда болду. Өтө эле эркелеп колуңардан эмне келет дегендей мамиле жасап калды. Баламды, мени ачык эле батырбай калышты. Өз үйүмдө өгөй болуп калдым. Мен ишенем, бир күн келип баары жакшы болот. Бирок көңүл, жан дүйнө оорусу калат экен..."

Окуяны толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ар бир үй-бүлө өзү менен өзү болгону жакшы. Жеңеңиздин мүнөзүн билип, айтышпайын десеңиз бөлүнүп жашасаңыз болмок экен. Жумушуңуз бар экен, үйүңүздөгүлөр бир аз жардам берип турса, өзүнчө бутка туруп алышыңыз керек. "Чыккан кыз чийден алыс" деген сөз бар го".

"Аллахым өз пенделерине ыйман, ынсап бере көр... Башка сөз жок... Сизге сабыр, сабыр жана сабыр".

"Кээ бир келиндер бар, кичине аяп койсоң башка чыгып алышат. Келиндерди кайын эне биринчи барганда эле кичине сүрүн көрсөтүп коюш керек, болбосо ушул келинге окшоп ооздугу жок калат. Кыз баланын ушунусу жаман экен да, ата-энеңдин үйүнө барсаң жеңелерге батпайт экенсиң. Өздөрү кечээ эле келген дагы ошол үйгө кожойке болуп алышат. Ар бир балага, кызга бак берсин. Кыздар барган жеринен бак тапса экен".

"Жазып жеңилдеп алганыңыз дурус. Бир аз тыңыраак болушуңуз керек экен. Баарын сизге оодарып жалпак тил менен айтканда, чокуңузга чыгып алышыптыр!"

"Окуя бир тараптуу чагылдырылган. "Бир алакандан үн чыкпайт".

"Саат 9да турат, тамак салып алдыма койбойт" дегенден чыгат да балээнин баары. Сиз иште жүргөндө балаңызды ошол жеңеңиз караса керек эле. Окуя чындыгында бир тараптуу чагылдырылган. Негизи эле келин менен балалуу кыздын бир үйдө жашашы кыйын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shahlet
2018-06-30 21:16:01
Окуп алып бир соз эсиме тушту. Эжеме барсам жездем жат,агама барсам женем жат. Ошондуктан ар бир инсандын бешенесин ачсын кудайым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан