Энергетикага дагы карыз алынат. Депутаттар 6 миллион евролук келишимди жактырышты

Кыргыз өлкөсүнүн энергетика тармагын жакшыртуу максатында алынып жаткан 6 миллион евролук келишимди парламент 3-окууда жактырды.

Добуш берүүгө 114 депутат катышып, 111 эл өкүлү макул болсо, үчөө "каршы" добуш берди.

Маалыматка караганда, аталган каражаттын жарымынан көбүнө акылдуу эсептегичтер сатып алынмакчы.

Айта кетсек, аталган каржылык келишим Кыргыз өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн. Ага ылайык, аталган банк Кыргыз өлкөсүнө 6 миллион евро берет. Анын 2 миллион евросу гранттык негизде, ал эми 4 миллион евросу - насыя. Насыя 15 жылга жеңилдетилген шартта берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kylymbek_isakulov
2018-06-28 17:35:59
Эх алган билесинер береерде артты карабай кетесинер
+2
meku89
2018-06-28 17:43:59
Баягынын баягысы дегендей эле дагы карыз алганы атышабы. Ким толойт мунун баарын. Же дагы бир областты залогго койгону жатышабы?
+2
ilimbek00
2018-06-28 18:00:02
Акылдуу эсептегичти сатып алып биздин акчабызды эсептешет да булар. Жегендерин биз төлөйбүз милиондорду
+2
bond02
2018-06-28 19:03:07
Карыз алаарда эле миллиондон суйлойбуз, жаш муундардын тамырын ушул миллиондор менен кыркып жатканынарды сезип жаттынар бекен куноолуу аткаминерлер!
+2
nematovich.90
2018-06-28 19:31:16
Чынын айтсам НАСЫЯ алганга кубанбагыла. Кыргыз мамлекетин жок кыла турган болдунар. Алганда аласынар анан кайда кеткенин издейсинер. Пайдасы жок онуктуробуз деп олтуро турган болдунар. Капа болбогула депутаттар силер озу добуш бергенден башка ишинер барбы? Ушакчы аялдардай болуп
+3
Matahara1980
2018-06-28 20:09:50
6 миллион кеппи биздин жепутаттарга 1 ин иштетимиш болуп 5 ин ап этип эле жеп коюшса керек , кекиртектери кернейдей, жаль что кытайский закон жок бизде, бири калбай атылат эле депутат сепутат чиновник министрлери болуп баары уурулар
0
jergetal
2018-06-28 21:50:03
Акчалары тугонгон окшойт Мамлекеттин атынан карыз алып оздору болуп жейт .
0
almir
2018-06-29 00:08:38
Баарын туптуура айтын буларга жэш эле керек болуп калды окшойт шайлоодо кетирген акчасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан