Министрлик: "Бишкекке жакын жайгашкан шаарларга каттоочу маршруттук таксилерге шаар аралап жүрүүгө тыюу салынат"

Бишкектин сыртына каттам жасоочу маршруттук таксилерге шаар аралап жүрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Транспорт агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов акыркы 5 айдагы агенттиктин аткарган жумушу боюнча отчётун берип жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин сыртка каттам жасоочу айрым каттамдарга шаар аралап жүрүүгө уруксат берилген.

"Мисалга алсак, Бишкек-Токмок каттамы боюнча шаардын ар кайсы жеринен 3 каттам жасалчу. Мунун себеби тургундар бара турган жерине бир маршрут менен жетип алуусуна шарт түзгөнгө аракет кылганбыз. Бирок бул аракеттер транспорт каражаттары улам көбөйгөн сайын шаардын ичинде унаа тыгындарын пайда кылып, көйгөй жаратууда. Андыктан сырттан келген маршруттук таксилер Чыгыш же Батыш автовокзалдарына токтоп, жүргүнчүлөр шаар ичинде ички каттамдар менен жүрүшөт", - деди Транспорт агенттигинин директору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан