Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталынын "Президент эмнеден жаңылууда?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров жооп берди.
Анын айтымында, президент парламентте жасаган кайрылуусунда өзүнүн кемчиликтерин да кошо айтып, адилеттүү карап жатат.
"Коррупцияга каршы күрөш туура эле багытта кетип жатат. Бул багытта президент эле эмес, эл да күрөшүүсү керек. Азыр кылмыш иштери козголууда. Жыйынтыгын эми көрөбүз. Президенттин ишине жарым жылда эле баа берүү туура эмес. Анын өзүнүн программасы бар. Ошол багытта эле кетип жатат. Парламентте кечээ жасаган кайрылуусунда өзү да кетирген кемчиликтерди атады. Кийин алдыда жасашыбыз керек болгон багыттарды санап кетти. Өзүнүн иштеринин кемчиликтерин айтканынан абалга адилеттүү эле карап жатканын байкасак болот", - деди Масабиров.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер Даниел Кадырбеков, Өндүрүш Токтонасыров, Жениш Молдокматов, Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.