Акыйкатчы институту: "Өгөй атасынан кордук көргөн эгиз кыздарды апасы "үйдүн чатырынан кулап кеттик дегиле" деп көндүргөн"

Өгөй атасынан кордук көргөн эгиз кыздарды апасы "үйдүн чатырынан кулап кеттик дегиле" деп көндүргөн. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнь күнү акыйкатчы институтунун кызматкерлери ооруканада дарыланып жаткан 10 жаштагы эгиз кыздардан кабар алышкан.

"Биздин кызматкерлер менен сүйлөшүп жаткан учурда кыздар аларды өгөй атасы сабагандыгын жашырышкан. Алар үйдүн чатырынан жана бактан кулап кеткендиктерин айтышкан. Кабар алууга барган кызматкерлердин билдирүүсүнө ылайык, аларды бул сөздөрдү айтууга апасы көндүргөн", - дейт маалымат катчы.

Ал эми буга чейин эгиз кыздар Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бермет Карабаевага аларды өгөй атасы мас абалында сабаганын айтып беришкен.

Эске салсак, 26-июнь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнөн арыз келип түшкөн. Арызда Ш.А. аттуу 35 жаштагы өгөй ата 25-июнь күнү 10 жаштагы эгиз кыздарын тарбия берүү максатында электр зымы менен сабаганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nanei
2018-06-28 21:02:39
Кептин баары ушул энесинде.
+5
Tolkun555
2018-06-28 22:59:16
Айланайын аялдар эринерден жолдон жон эле(мисалы бир койнок
+1
Tolkun555
2018-06-28 23:01:16
Учун деле)талак сурап ажыраша бербегиле. Балдарды огой атага кор кылып.
0
aidinaernur
2018-06-29 01:28:52
Эмнегедир балдарды ургандар кобоюп баратат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан