ЭЛДИК КАБАР: "Кырсык көп катталган Чычкан капчыгайындагы жолго атайын белги коюш керек" дейт окурман

"Кырсык көп катталган Чычкан капчыгайындагы жолго атайын белги коюш керек" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жиберген.

"Жакында эле Чычкан капчыгайында орун алган жол кырсыгы адамдардын өмүрүн алып, 1 жаштагы наристени энесиз калтырып отурат. Бул жол чакырымындагы кырсыктардын алдын алыш үчүн атайын жарык берүү орнотуу керек. Ошондой эле Өрүктү аймагындагы бурулушка алыстан көрүнүп, күндүзү да, түнкүсүн да күйүп турган чоң, атайын белги коюш керек. Аталган аймакта жол кырсыктары көп катталып канча деген мекендештерибиздин өмүрүн алып жатат. Маселеге тийиштүү министрлик олуттуу карап, чараларды көрсө жакшы болмок", - дейт окурман.

Айта кетсек, 26-июнда Чычкан капчыгайында жеңил унаа сууга кулап 6 адам жабыркап, 2 киши көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
oruktu_city
2018-06-28 20:53:15
30 жолу белги койсонда ош менен жалалабад баткенге кетчу стептер башкаса айдашат...карап отуруп тообо келтиресин особенно колонно колонно болуп обгонго чыгышат
0
Dembele84
2018-06-28 21:00:09
Бул жан талашкан таксисттерди антип тыя албайсын,башкача чара колдонуш керек!
0
Acord
2018-06-28 21:15:09
Тыйуу салыш керек он рулдуу унааларга
0
Saidochka
2018-06-28 22:05:39
Альтернативдуу жолду эртерээк бутуруш к.к.же самолетко билеттин баасын арзандатыш к.к
+1
maks992
2018-06-28 23:07:02
степ азайгандан көбөйүп жатат бул дегени булар адам өлтүрүп көзү ачылбай жатат
0
Neo
2018-06-28 23:38:47
Чычкан дарыясынын жээктерин тосмо менен тосуу керек, ошондо жол коопсуз болот.
0
Munar_6052
2018-06-28 23:41:13
андай белгини тоготупта койбойт стептер. андан коро шагыл эле тогуп салсын ошондо машинасын аяп секин айдашат.
+2
jany-jer
2018-06-28 23:51:33
Маселе оң рулда эмес, айдоочуларда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан