Кечээ, 28-июнда президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин төрагалыгы алдында райондор аралык сотторду жоюу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга эксперттик жумушчу топ жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында эксперттик жумушчу топтордун түзүлүшүнүн негизги максаттары, аткарчу иштери талкууланып, мүчөлөр арасында милдеттер бөлүштүрүлдү. Ошондой эле тиешелүү мыйзам долбоорлорун өлкөнүн парламентинин комитеттеринде талкууга алып чыгуу максатында эксперттер тарабынан алдыга коюлган милдеттерди аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө сунушталды.
Бул эксперттик жумушчу топтор президентке караштуу сот реформасы боюнча кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын буйругу менен түзүлгөн.
Эксперттик жумушчу топтордун курамына аткаруу, сот, бийлик бутактарынын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген.