Кечээ, 28-июнда саат 22:30 чамасында абактагы жарандык активист Мелис Аспековго жана анын жанында отурган адамга кол салуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
"Сырттан ошол жерде жаза өтөп жаткан жаран белгисиз себептерден улам Аспеков менен анын жанында отурган адамды ур-токмокко алган. Алар оор жаракат алган эмес. Учурда иликтөө амалдары жүрүп жатат", - деди Сабатарова.
Эске салсак, жарандык активист Адил Турдукулов абактагы адамдар тарабынан Аспековго кол салуу болгонун кабарлаган. Ошондой эле Турдукулов Аспеков бул окуя боюнча тийиштүү жерлерге арыз жазганы жатат деп кошумчалаган.
2017-жылдын октябрь айында президенттик шайлоого бир апта калганда жарандык активист Мелис Аспеков "талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен элди көтөрүп чыгып, башаламандык уюштурууну сүйлөштү" деп кармалып, камакка алынган.
Быйыл 8-июнда Бишкек шаардык соту Аспековду 1 жыл 7 айга камоо өкүмүн чыгарган.