Эл аралык укук коргоо уюму: "Кыргыз өлкөсү эл аралык милдеттемелерди эске албай жатат"

Буга чейин казакстандык активист, блоггер Муратбек Тунгышбаев Октябрь райондук сотунун чечими менен өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген. Казакстанда тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп күнөөлөнгөн блоггер 2012-жылы Кыргыз өлкөсүнө келип Бириккен улуттар уюмунун өлкөдөгү качкындар боюнча агенттигине качкын макамын алуу үчүн кайрылып, Кыргыз өлкөсүнөн баш паанек сураган.

Ушул жылдын май айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Кыргыз бийлигинен активистти экстрадициялоону суранган. Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. 25-июнь күнү Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечимин колдогон.

Буга байланыштуу "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму Кыргыз тарап мындай чечимди кабыл алуу менен эл аралык милдеттенмелерди эске албай жатканын жарыялады.

"Казакстан көп жылдардан бери бийликке терс көз карашы барлардын сын-пикирлерин айттырбай келет. Баш паанек сурап келген Казак жаранын саясий жүйөлүү кылмыш иштери жана ырайымсыз мамиле күтүп турушу мүмкүн экендигине карабай Кыргыз өлкөсү аны мекенине өткөрүп берди.

Кыргыз өлкөсү БУУнун Кыйноолорго жана адамдарга карата жасалган мыкаачылык, кемсинтүү аракеттерине каршы конвенциясына мүчө. Бул эл аралык келишимде качкынды кыйноо, өмүрүнө тобокел жаралып турганда берүүгө тыюу салынган. Мындан улам Тунгышбаевге тагылып жаткан айыпка карабай, аны мажбурлоо менен өз өлкөсүнө кайтарууга болбойт.

Мындан тышкары Кыргыз өлкөсү Качкындар макамы жөнүндөгү конвенциянын да мүчөсү.

УКМК кечиктирбестен Мамлекеттик миграция кызматына Тунгышбаевдин баш паанек сурагандыгы кайрадан каралышы үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү керек", - деп жазылат укук коргоо уюмунун маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан