Ырчы Назира Токонова Чыңгыз Турдубеков менен бирге дуэт жаздырды. “Мезгил учат” деп аталган бул жаңы ырдын сөзү, обону Чыңгыз Турдубековго таандык. “Ырда убакыттын ушунчалык тездиги тууралуу айтылат”,- дейт Назира Токонова. Ошондой эле ал эртеңден тартып бул ырга клип тарттыруу иштери башталганы жатканын кошумчалады.