Баткенде куткаруучулар сууга чөккөн адамдын өмүрүн сактап калышты

Баткенде куткаруучулар сууга чөккөн адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июнь күнү саат 14:22лер чамасында Баткен шаарындагы Батырканов атындагы каналга адам түшүп, агып кеткендиги тууралуу маалымат ШИИБге түшкөн.

"Бул чакырууга ӨКМнын №3 өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барышкан. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 1993-жылы туулган Маматашым уулу Илгиз аттуу жаранды каналдан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, туугандарына өткөрүп беришкен", - дейт маалымат кызматы.

Азыркы тапта жабырлануучунун абалы канааттандырарлык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shnaider
2018-06-29 11:44:29
Азаматсынар.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан