Жогорку Кеңештин төрагасы: "Парламент 4-сессияда 124 мыйзам, 615 токтом кабыл алды"

Жогорку Кеңеш 2017-жылдын сентябрь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин өлкөнүн турмушун жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн саясий, социалдык, экономикалык жана укуктук реформаларды мыйзамдык жактан камсыз кылуу боюнча ишин улантты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 124 мыйзам, 615 токтом кабыл алынды. “Жарандардын 23 697 кайрылуулары каралды жана шайлоочулар менен 1233 жолугушуу өткөрүлдү. Парламент бирдиктүү бажы айдыңын бекемдөө максатында ЕАЭБ өлкөлөрү менен экономикалык интеграцияны андан ары бекемдөө саясатын мыйзамдык жактан камсыз кылууну улантты. Парламент тарабынан коомчулуктун көңүлү өзгөчө бурулган. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө, Башкы прокурорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана Бишкек ЖЭБдеги авария сыяктуу маселелерге саясий баа берилди”, - дейт спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2018-06-29 11:39:31
Санына эмес сапатына көңүл бургула, айда жылда бир келесиңер, кантип ушунча мыйзамды кабыл алып жетиштиңер, автоматтай эле иштейсиңер го, тфу тфу көз тийбесин)))
0
kyrgyz.kg83
2018-06-29 12:48:38
Өздөрүнүн бизнестерине ыңгайлаштырып,кабыл алган мыйзамдары өздөрүнө эле буйрусун.депутаттардын бары эле бизнесмен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан