Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маалымат жыйын берүүдө. Анда маалымат каражатынын өкүлү спикерди "боюнча" деген сөздү "моюнча" деп айтпоого чакырды. Журналист кыргыз тилинин эрежелерин бузбоону сунуштады.
Дастанбек Жумабеков "моюнча" деген сөздү колдонбогонго аракет кылып жатканын айтты. "Мага дагы көптөр бул боюнча эскертишет. Бул сөз сиздерге жагымсыз болсо кечирим сурайм. Антип айтпаганга аракет кылам", - деди төрага.