Борбордук шайлоо комиссиясына депутат Бахадыр Сулеймановдун Казак жараны экени тууралуу эч кандай документтер түшкөн эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Биз ММКлар аркылуу гана бул маалыматты билип жатабыз, бизге депутаттын Казак жараны экени тууралуу эч кандай документтер келип түшө элек, түшсө биз тиешелүү чараларды көрүп, териштирмекпиз", - деди Бекматов.
Эске салсак, интернет тармагында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Бахадыр Сулейманов Казак жараны экендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок ал маалыматты депутат өзү, фракциялаштары ушак экенин айтып, четке кагышкан.