Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеш жыл сайын 30 миллион сомдой каражат үнөмдөй турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-июнда маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, Жогорку Кеңештин бюджети 786 миллион сомду түзөт. "Бюджетти 120 депутатка бөлүп, депутаттардын айлыгы мынча деп айтууга болбойт. Парламенттик аппаратта миңден ашык кызматкер иштейт. Алардын бардыгына айлык берилет. Салык, социалдык фондго төлөнөт", - деди ал.