БУУ депутаттарга өлкөнү өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгууга жардам берет
Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин алдындагы жумушчу топ өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн жол картасын иштеп чыгуу максатында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.
Маалыматка караганда, “Миң жылдык өнүгүү максаттарынан туруктуу өнүгүү максаттарына чейин: Кыргыз Республикасынын толук кандуу жана туруктуу өнүгүүсүн колдоо” боюнча “MAPS” миссиясынын алкагында талкуу болгон. Ага депутаттар Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Махабат Мавлянова, Руслан Казакбаев, Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Экмат Байпакбаев жана башкалар катышты. Ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун "MAPS" миссиясынын башчысы Жорж Боума да катышты. Ал аталган багытта өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз мамлекетине келген.
Жумушчу топтун төрагасы Абдывахап Нурбаевдин айтымында, аталган топтун максаты - өлкөнүн өнүгүшүндө парламенттин салымын жогорулатуу.
Жыйынтыгында сунуш иретиндеги өлкөнүн жол картасын иштеп чыгышмакчы.