20 жыл мурун алган тушь менен кирпиктерин боёгон аялдын көздөрү көрбөй калды

20 жыл мурун алган тушь менен кирпиктерин боёгон аялдын көздөрү көрбөй калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Австралиянын Аделаида шаарында жашаган Ширли Поттер 20 жыл мурун алган тушь менен кирпигин боёгон соң көзүнө инфекция кирип кеткен. Ал кыздары менен кечеге барарда боёнгон.

Маалыматка ылайык, кийинки күнү Поттердин көзү кызарып ооругандыктан, ал өзүнүн офтальмологуна кайрылган. Бирок ал оорунун себебин биле алган эмес. Күн өткан сайын анын көзүнүн көрүүсү начарлай баштаган. Мындан улам ал кайра дарыгерге кайрылган.

"Дарыгер менден дароо эле "сиз эски косметикалык каражаттарды колдонгон эмессизби?" деп сураган. Мен ага 20 жыл мурун алган тушь менен кирпиктеримди боёгонумду айттым", - деп билдирген Поттер.

Дарыгер Поттерге дарылоо курсун жазып берген. Тилекке каршы, бул анын көзүнүн көрүүсүн сактап кала алган эмес. Дарыгердин айтымында, 3 жылдын ичинде Поттердин көздөрү такыр эле көрбөй калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
vikidiki
2018-06-29 16:47:20
Жон жерден даана Поттер болот экен да эми. Скупой платит дважды дечу беле? Жаман болуптур.
+1
Shokoladka94
2018-06-29 16:57:13
Иий байкуш ай 20 жыл кантип сактады? Тушь да эскирип катып кетпегенби?
+2
Kunbeken
2018-06-29 17:29:07
эми этят болуп колдонушат да туш колдонуучулар 40 жыл сактабай
+3
Jin1209
2018-06-29 17:31:34
Ыргыт нары 20 жыл сактабай
+7
Kaninaiman
2018-06-29 20:18:50
Охоо эми туштун курсу которулот экендаа
0
Ayida
2018-06-30 15:51:12
Kaninaiman,курсу тушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан