Жабырлануучулар: "Милиция формасын кийген кишилер бизди талаага алып барып сабап, 10 миң сомубузду тартып алды"

"Милиция формасын кийген кишилер талаага алып барып сабап, 10 миң сомубузду тартып алды" деп SUPER.KG порталына жабырлануучулар Болот Болотбеков жана Афтандил Мурзабек уулу кайрылышты.

Алардын айтымында, өзүн милиция кызматкери деп тааныштыргандар кызматтык күбөлүктөрүн көрсөткөн эмес, бирок жанында союл, кабурасы менен тапанча, фонарь жана рация болгон. Окуя 23-июндан 24-июнга караган түнү болгон.

Биз, досум экөөбүз Ысык-Көлгө кетүү үчүн Батыш автобекетине барсак, такси жок экен. Анан үйгө кайттык. Жибек Жолу-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде май куюучу жайдан өтө бергенде 08/ 673/AAZ номурлуу Toyota Windom үлгүсүндөгү күмүш түстүү агыш унаа келип, ичинен 25-30 жаштардагы формачан 2 киши түшүп документибизди сурашты. Биз документтерди көрсөттүк, жанымда 10 миң сом акча бар эле. Алар акчаны көрүштү да, бизди жакадан тартып, күч менен унаага отургузушуп, милиция бөлүмүнө барабыз деп алып жөнөштү”, - дейт жабырлануучулардын бири.

Бирок өздөрүн тартип сакчылары деп тааныштыргандар аларды милиция бөлүмүнө алып барбай эле белгисиз бир талаага алып барышканын айтышты. Ал жерден күч колдонуп, уруп-согуп, жанындагы акчаларын тартып алышты дешет жабырлануучулар.

Жаш Гвардия бульвары менен ылдый карай Махатма Ганди көчөсү аркылуу айланма жолдон өтүп талаага алып барышты. Биз ал жерден "бул жакка эмнеге алып келдиңер? Милиция бөлүмүнө барабыз дебедиңер беле?" деп чырдаша баштадык. Союлдары менен бир нече жолу денебизге ургулашты. Каршылык көрсөтсөк эле атып салышчудай. Ошентип алар менин 10 миң сомумду, досумдун 300 сомун тартып алышты. Анан бизди унаасына салып барып, Жаш Гвардия бульвары жана Рыскулов көчөсүнө жакын жердеги "Ала-Арча" мүрзөсү жакка караңгы жерге алып барып таштап салышты. Биз дароо 112 номуру аркылуу милицияга чалдык. Ошондо саат болжолдуу 04:20 болчу. Андан 5 мүнөт өтпөй бизге милиция кызматкери байланышып, бизди Калык Акиев менен Киев көчөсүндөгү милиция бөлүмүнө алып барышты, биз ал жерден арыз жаздык. Андан кийин унааны издейбиз деп Токмокко алып барышты, ал жактан унаа табылган жок. Бизди милиция кызматкерлери Курманжан датка-Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Чүй ОИИБине арыз жазгыла деп кетип калышты. Биз ал жерге да арыз жазып Бакыт Асанбеков деген тергөөчүгө тапшырганбыз. Арызды кабыл алган милиция кызматкерлери бизге байланышабыз деген, дале байланыша элек”, - деди жабырлануучу Болотбеков.

Экинчи жабырлануучу: “Ошол жерден өздөрү түзгөн сценарий менен бизди түшүнүк кат жазууга мажбурлап, уруп согушту. Макул болбогон соң, алар арыз жазасыңбы деп союл менен башка катуу чапкылап, жыйынтыгында денебизден жаракат алдык", - деп айтат.

"Түшүнүк каттын башын өздөрү жазып туруп, анан бизге мажбурлай башташты. “Милиция кызматкерлери мени кыздар менен жатканда кармап алдыдеп жазасың деп кыйнады. "Биз кызга келген эмеспиз, жолдон өтүп баратканбыз" деп жазбай койсом, союл менен башыма коюп жиберди", - деп кошумчалады Афтандил Мурзабек уулу.

Жабырлануучулар тергөөчү Бакыт Асанбековдун жөнөтүүсү менен Чүй облустук ооруканасына барып, соттук-медициналык экспертизадан өткөнү тууралуу аныктама баракчаларын көрсөтүштү.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганда, жабырлануучулардын арызы катталганын айтып, келип түшкөн материалдардын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Эске сала кетсек, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлери тууралуу чыккан маалыматтар боюнча ар бир кызматкер өзү жооп бериши зарыл экенин айтып, жооп берилбесе чара көрүлө турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nanei
2018-06-29 18:28:23
Ой боой,копту ушул арам милициялар. Эми табылып кал[moderated]
+6
Leilek91
2018-06-29 23:05:46
Кулиевадан кармаса не болуптур барса оз акчасына бардыда бироону зордуктагандан коро ошолорго барганы онго
+5
aiba.8327
2018-06-29 23:18:48
Ой кокуй ой корунуп эле турат го сенарийи жанагы кыздарга барышкан анан ал жактагылар акчаларын байкап калды.Тел чалып койушту анан менттер опа деп туруп тосуп алышты.Ал жактагы кыздар менттер мн ушунтип эле иштешет.Бардыгы эле билишет...
+5
aiba.8327
2018-06-29 23:25:15
Кыздарга барган жашы отуп бараткан мужиктерди жаман кылышат экен кармап алышып не кылалы уйго чалалыбы деп ха ха же ушул жерден бутуролубу деп ошол жактагы менттер карышкыр болуп калышкан...
+3
Mers124
2018-06-29 23:56:20
Адам мент болот, мент адам болбойт экен да.
+7
kolyn
2018-06-30 11:06:13
Mers124,адам мент болбоойт,мент вообще адам эмес
+1
Nuri1988Elim2010
2018-06-30 10:27:31
Арты жабалып кетет коросунорго.Карга карганын козун чокубайт дечу беле.Деги ошол орган адамдары менен ак халатчандарга ишин тушпосунда.Алардын жузун нары кылсын кудайым
+1
BekAmir
2018-07-01 02:35:51
Табышы кумон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан