Саясатчы Темирбек Асанбеков: "Жогорку Кеңеш коом алдында парламенттик башкарууга даяр эместигин көрсөттү"

28-июнда Жогорку Кеңеш акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарады. SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген соболуна "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков жооп берди.

Анын пикири боюнча, партиялар да, депутаттар да өз милдеттерин так аткара алган жок.

"Жогорку Кеңеш жалпы коом алдында өздөрүнүн парламенттик башкарууга даяр эместигин көрсөттү. Саясий идеялары, программалары, туруктуулук принциптери жокко эсе. Көпчүлүк депутаттар жеке кызыкчылыктарын көздөп, партия тартиптеринин эрежесин, кодексин сактоо деген түшүнүктөрү төмөн экендигин далилдешти. Мамлекеттин саясий-экономикалык абалы өтө оор болуп жатканын билип турса да, мазмунсуз ич ара бири-бирин каралоого, интригаларга алаксып, эл аралык саясаттагы мамлекеттүүлүктү бекемдөө, азыркы өтө оор абалдагы экономикалык жана социалдык кризисти чечүү программаларын парламентте отурган партиялардын бири да сунуштай алган жок.

Мамлекетте бийлик бутактарын талашуу, жеке киреше табуу ресурстарынын агымын талашуу багытындагы ыймансыз кезектеги конъюнктуралык саясий интригалар башталды. Бул терс саясий процесстер келечекте улуттук экономикага өтө оор коркунучтарды алып келет. Коррупция маселесинин пайда болуу себебин далилдебей туруп, саясий популизм ыкмалары менен коррупцияга каршы чара көрүү экономикадагы акча каражат капиталына коркунуч алып келип, экономика стагнациясы пайда болот. Инвесторлор саясий компромисс таба албаган, стратегиялык экономика багытын илимий багытта негиздей албаган мамлекетке эч качан келбейт. Менин жеке каалоом ушул оор, туура эмес багытта кетип бараткан саясий-экономикалык процесстерге Сооронбай Жээнбеков терең маани берип, сабырдуулук менен саясий туура чечим кабыл алат деген үмүттөмүн", - деди Асанбеков.

Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан