ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: Мындан 9 жыл мурун Парижден Йеменди көздөй сапар тарткан А310 учагы Инд океанына кулап түшкөн

Мындан 9 жыл мурун, 2009-жылдын 30-июнунда Парижден Йеменди көздөй сапар тарткан А310 учагы Комор аралдарына конорго бир нече мүнөт калганда Инд океанына кулап түшкөн. Анын кесепетинен учактын ичиндеги 11 экипаж мүчөсү жана 141 жүргүнчү каза болгон. Жалгыз гана 14 жаштагы кыз аман калган. Ал 13 сааттан кийин куткаруучулар тарабынан табылган. "Йемен Эйр" авиакомпаниясынын өкүлү Мохаммед Сумаири “ошол маалда ал жерде катуу шамал үйлөп турган, ошондуктан кырсыкка аба ырайынын начар экени себеп болушу ыктымал" деген жоромолун билдирген. Ал эми кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтеген комиссия учактын кулашына учкучтардын катасы негиз болгон деген чечим чыгарышкан.

30-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан