Саясат таануучу Эмилбек Жороев: “Парламент жетелеме орган деген сын айтылып келген. Бирок өткөн жылы да мындан айырмаланган жок”

28-июнда Жогорку Кеңеш акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарады. SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген соболуна саясат таануучу Эмилбек Жороев жооп берди.

Анын айтымында, былтыр парламент үчүн чоң мааниге ээ жыл болду.

“Өткөн жыл парламент үчүн чоң мааниге ээ эле. Өлкө президентти шайлады. Эски президент кетип, жаңы президент өзүнүн командасын түзүп жатканда, албетте, парламенттин таасири өзгөчө мааниге ээ болду. Бирок былтыр сентябрда парламент жаңы эле жумушка киришкен кырдаал такыр башкача болчу, башка президент болчу. Ал толук түрдө жаңы аткаруу командасын түзүп жаткан, парламент чоң таасир берди.

Буга чейин парламент сөзгө калып: “Жетелеме орган болду. Президенттин айтканын гана аткарып калган” деген сындар айтылып келген. Албетте, муну моюнга алышыбыз керек. Өткөн жылы да мындан айырмаланган жок. Парламент жылдын жарымында Атамбаевдин дооруна туура келсе, экинчи жарымында Жээнбековдун учуруна дал келди. Ошондой эле парламенттин да эки кишиге, эки кишинин командасына сыны, мамилеси башкача болду”, - деди Жороев.

Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу, саясатчы Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан