Бүгүн, 29-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата экинчи кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына ылайык, 25-июнда башкы прокурор тарабынан ага карата “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери УКМКга тапшырылды. Аскарбек Шадиевге карата кылмыш ишинин кеч козголуусу боюнча УКМК маалымат талаасына өтө кызыктуу жагдайларды таштап, ал талкуулардын жаңы толкунун жаратты. УКМКнын кызматкери Рахат Сулаймановдун айтымында, Шадиевге карата кылмыш ишин козгоону ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева түшүнүксүз түрдө кечеңдеткен. Анын айтымында, Шадиевдин үстүнөн иш козгоо үчүн бөлүнүп чыккан материалдар Башкы прокуратурага 30-мартта жиберилген. Бул депутатка кылмыш иши башкы прокурор алмашкан соң гана козголду.
9-февраль күнү Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде Жогорку Кеңеш бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан. Закиров кармалары менен коомчулукта “эмне үчүн катка кол койгон Шадиев кармалбай жатат?” деген суроо кабыргасынан коюлган эле. Бирок эки креслону (ред. биринчи вице-премьерлик жана депутаттык) бирдей ээлеп турган саясатчы 22-мартта гана суракка чакырылган. Сурактан кийин ооруканага жатып калгандыгы айтылган. 6-апрелде Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматынан кетүү тууралуу арызын жазып, анын отставкасын 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. 28-апрелде өкмөттөгү ордунан кол жууганы менен парламенттеги депутаттык мандаты менен калган Шадиевге карата Башкы прокуратура тарабынан “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ал 27-апрелде эле операция жасатуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткендигин 2-майда жардамчысы SUPER.KG порталына билдирген.
Кызыктын баары ушул жерде башталган. УКМК жана Коргоо кеңеши Аскарбек Шадиевдин чет жерге чыгып кеткенин калпка чыгарып, ал Кыргыз мамлекетинин ичинде жүрөт деп жооп кайтарышкан. Туура 1 айдан кийин 1-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министрдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган. Ошол эле күнү УКМК Шадиевдин АКШда экенин билдирип, “өрттөн кийин” издөө жарыялаган.
Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой алат. Эске салсак, Индира Жолдубаева башкы прокурор кызматынан 13-апрелде бошотулган. Ал эми Өткүрбек Жамшитов аталган кызматка 26-апрелде дайындалган. Хронологияны карай келсек, анда Жамшитов кызматка киришери менен Шадиевге карата кылмыш ишин козгогону көрүнөт. УКМКнын кызматкеринин маалыматына караганда, Айтматовдук сыйлыктын акчасы жоголгондугуна байланыштуу Шадиев суракка чакырылгандан тартып ага каршы кылмыш иши козголгонго чейин ал өзүнүн бир топ мүлкүн сатууга жетишкен. Индира Жолдубаева кылмыш ишин козгобой эмнени күтүп жүрдү? Шадиевдин үй-бүлөсү мүлктөрүн сатып алышынбы?...
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн парламенттин кезектеги сессиясы аяктаганына байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү.
Соңку жылда депутаттык корпус коомчулуктун кескин сынына да, баасына да татыды. Алардын ичинен орчундууларын иргей турган болсо, анда Жогорку Кеңеш эки өкмөттү шайлаганга, анын биринин башчысын ишенбөөчүлүк көрсөтүү жолу менен кызматтан кетирүүгө, ушундай эле жол менен башкы прокурорду да кызматтан алууга, 3 жыйын бою Бишкек шаарындагы ЖЭБде орун алган кырсык боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын талкуулоого жетишти. Эки өкмөт эле эмес, бул сессия созулган аралыкта Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетип, анын ордуна жаңы мамлекет башчы болуп Сооронбай Жээнбеков шайланды. Бул окуялардын баары депутаттык корпусту кыймылга келтирип, өлкөдөгү маанилүү окуяларда чечим кабыл алууда негизги оюнчулардын бири катары өз маанилерин, салмагын колдонууга түрткү берди.
Коомчулукта талкууда болуп келе жаткан абактагы саясатчылардын ишин кайра карап чыгуу суроосу боюнча Дастанбек Жумабековдун позициясы белгилүү болду. Буга чейин абактагы саясатчылардын жакындары жана туугандары Жогорку Кеңешке келип, айрым депутаттар алардын үнүн угуу үчүн жолугушуу болуп өткөн. Спикер бардык учурда бийликте турган бардык кызматкерлер айткан сөздү колдонуп, "Кыргыз жарандары мыйзамдын алдында баары бирдей болуш керек" деген сөз менен кутулду. Ошол эле мыйзам бардык жаранга бирдей иштебей калган учур көп экени, коомчулук ошондой учурларда эл өкүлдөрүнөн жардам күтөрү тууралуу спикер үн каткан жок.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген собол салып, ага саясат таануучу Эмилбек Жороев “Буга чейин парламент "жетелеме орган болду, президенттин айтканын гана аткарып калган" деп сөзгө калган. Өткөн жылы да мындан айырмаланган жок” деп жооп берди. Буга байланыштуу төрага Жогорку Кеңеш саясий чечим кабыл алганда азыркы жана мурдагы президенттер тарабынан кайрылуу болбогонун айтты. Анда жетеленме деген сөз эмнеден улам 120 депутатты дале ээрчип келе жатканы өздөрүнө гана маалым көрүнөт...