Бишкек шаарынын бир катар райондорунда 2-июлдан 6-июлга чейин газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Көгүлтүр от өчүрүлүүчү райондор: 2-3 июлда Суворов көчөсү, Чоң Чүй каналынын аймагы, Сүйүмбаев, Кара-Жыгач токою чектешкен аймак. 2-6-июлда Бишкек шаарынын Элебаев, Л.Толстой, Кулатов, Байтик Баатыр, Ж.Пудовкин, Горький, Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы. "КыргызАвтоМаш» заводунда, “Алькони” ЖЧКсында, Матросов көчөсүндө жайгашкан “Глобус” супермаркетинде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
Ишкананын билдирүүсүнө караганда, жаратылыш газын берүү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.