Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Саламаттыкты сактоо кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо президент медициналык кызматтын сапатын жогорулатууда башкы роль кесипкөй, өз ишине чексиз берилген мээрман дарыгерлердин салымы чоң экени жазылган.
"Урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана ардагерлер! Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Азыр 47 миңден ашык медициналык кызматкерлер өз милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, элибиздин саламаттыгынын сакчылыгында турушат. Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо тармагы модернизациялоого, материалдык-техникалык ресурстарын жакшыртууга муктаж. Өлкөбүздүн бардык региондорунда, айрыкча айыл жерлеринде саламаттыкты сактоону өркүндөтүп, өнүктүрүүгө тийишпиз. Электрондук заманбап методдорду кеӊири жайылтуу менен информациялык саламаттыкты сактоо системасын түзүү маселеси бышып жетилди. Кымбаттуу медицина кызматкерлери, талыкпаган ак ниет эмгегиңиздер үчүн сиздерге жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен өлкөнү өнүктүрүүгө зор салым кошкон ардагерлерге ыраазычылык билдирем", - деп жазылат куттуктоодо.
Өлкөдө медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы июль айынын алгачкы күндөрү белгиленет.