8-июнда Алматы шаарында “Дух Тенгри” деген аталышта этникалык ырлардын фестивалы өтүп, ага Кыргызстандын атынан ырчы Гүлзада Рыскулова катышып келди. “Уюштуруучулар фестивалды ачууну мага сунушташты, алгач макул болгон эмесмин, бирок болбой эле мени чыгарышты”,- дейт ырчы. Фестивалга ар кайсы өлкөдөн келген 12 музыкалык жамаат катышкан. Анда чыккан ар бир ырчы 3төн ыр аткарышкан. Ырчы Гүлзада “Жаз”, “Толгонуу”, “Курманбек” аттуу чыгармаларын аткарды. “Фестиваль аркылуу көчмөн элдердин унутта калган руханий байлыктарын дагы бир жолу даңктай алдык”,- деп кошумчалады ырчы айым.