АКШ Сауд Арабиясынан өндүргөн мунайдын көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар

АКШнын президенти Дональд Трамп мунай өндүрүүнүн көлөмүн 2 миллион баррелге көбөйтүү тууралуу Сауд Арабиянын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд менен келишим түзгөнүн жарыялады. Бул тууралуу Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына мындай деп жазган.

Жаңы гана Сауд Арабиянын падышасы Салман менен сүйлөштүм. Ага Иран менен Венесуэладагы маселелерди чечүү үчүн азыркы абалды түшүндүрүп, мунай өндүрүүнү 2 миллион баррелге чейин жогорулатуу тууралуу суранычымды түшүндүрдүм. Баасы жогору. Ал макул болду", - деп жазган Трамп.

Ал эми айрым басылмалар Трамп сунуштаган өндүрүлүүчү мунайдын көлөмү адаттан тыш көп экенин айтышып, Сауд Арабиясы Дональд Трамптын суранычына эч кандай убада берген эмес, бирок рыноктук суроо-талаптарды чечүүгө даяр деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
iryi1
2018-07-01 10:35:52
Арабтар жыргайт экен да. Динчилдер ойлошот арабтарга алла берип жатат - деп. Ал жон гана жомок. Арабтар жарым кылымдан бери АКШнын акчасы менен жыргап жатышат. Оздору нефтисин иштете алышпайт. Болбосо арабтарга асмандан Кудай жомок кылып бекер акча ыргыткан жок. Арабтар ошол акчага бизге корунгон жерге мечиттерди салбай, завод, кичи иш каналарды салышса болмок, жумуш менен камсыз болмок. Ар кайсы жерде мигрант болбой, оз жерибизде иштемекпиз.
+2
asdef
2018-07-01 13:23:26
iryi1,Арабдар келип оозуна эле аш салышсын андан коро
+1
00AbibhanovMunarbek0045
2018-07-01 14:16:31
asdef,Бечаралар ошонтипда ойлошотда
+2
temirov76
2018-07-02 16:18:28
iryi1,арабдар эмне сенден карызы барбы сага ишкана салып берүүгө,алар кааласа мечит салат кааласа мектеп салат кааласа башка ишкана салат,аларга өткөрүп койгондой жазыпсың го,мисалы бизге мектеп салып берген,ушинтип динди тааныбай жүрө берсек араптарга окшоп башка өлкөгө барып имарат салуу эмес бир тооккана да салалбай бири бирибиз менен тытышып акчанын кулу болуп жүрө беребиз.
0
erlan2196
2018-07-01 10:58:47
Арабтар кыйын болсо акчысына мусулман качкындарга жардам беришпейби. Миллиондогон качкындар Европада тынчыраак жер издеп журушот го оор турмуш, ачарчылыктын азабын тартышып. Ошол качкындардын оз олколоруно завод фабрика салып жардам берип коюшса гана. Канседа туугандары да. Арабтар нефтиден тушкон акчасына Кудайдын атын жамынып алышып, кыргыздарды арабташтырып, оздорунун идеясын, жашоо образын жайылтуу менен гана алек. Булардын тупку максаты ошол.
+1
Aidar151080
2018-07-01 21:56:39
Арабтар кыйын экен. Жөн эле жаткан чөлдү гүлдөтүп коюштуго.
Эгер ошондой нефт бизде болсо деле эч кандай пайдасы тиймек эмес.
Кудайдан корпогон, жөө качкындардан ашмак эмес.
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-07-01 22:04:14
Кудайдын бергенин сезбегендер аман эле болгула да наалып отуруп кайда бараар экенсинер. Нефтисиз деле байып жатышат корейстер башынардакы акылынарга таянбай кудайга таянгыла. Ушул турушта кетсенер онбойбуз.
0
ilgiz-kg01
2018-07-02 04:19:45
Карейлер эмне максатта олкосуно 70 жыл иштешкен кийинки муун кор болбосун деп балдарына бизде эчтеме жок бизде акыл бар деп тарбия беришкен акылды иштетишибиз керек деп.
Айланайын кыргызым кыпчак,кытайлардын айынан корболотурган болдукко Аллахым бизге жердин бейишин берген тугонбогон кен байлыкты берген насип кылсаныздар акылдуу башчыны да берип калар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан