Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкери сууга агып бара жаткан кызды сактап калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июль күнү Кадамжай РИИБинин 102 номерине билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө өспүрүм кыз өзүн "сууга таштайм, жашоодон тажадым" деп айтып телефонду коюп койгон.
"Кадамжай РИИБинин кызматкерлери алынган маалыматтан соң топ-топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Халмион айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын капитаны Нурланбек Бегалиев Таштөбө айылындагы агып бараткан кызды көрүп калып, каналга өзүн таштап, кызды аман алып калган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө быйыл мектепти бүткөн кыз Орозбеков айылында жашай турганы белгилүү болгон. Ата-энеси Орусияда болгондуктан, таенесинин колунда экен. Үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам ушундай ишке барганы ачыкталды. Азыркы учурда кыздын ден соолугу жакшы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнүн коштоосунда туугандарына тапшырылды", - деди басма сөз кызматкери.