ЖЫЛНААМА, 2-ИЮЛЬ: "Туулган күнүмдү жакындарым менен чакан чөйрөдө белгилейм" дейт 35 жашка толгон Нурзат Токтосунова

Бүгүн, 2-июлда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова 35 жашка чыкты. Аны туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерибизди айтып байланышка чыктык.

"Туулган күнүм түндө эле башталган. Тагыраагы, 1-июлдан 2-июлга караган түнү жолдошум менен биргеликте "Нур" мектебиндеги окуучуларым белек-бечкектерин көтөрүп келишип туулган күнүмдү куттуктап, маанайымды көтөрүштү. Эртеден бери улам бир жамаат келип куттуктап кетип жатышат. Маанайым абдан сонун. Ал эми туулган күнүмдү кечинде үйдө эле жакын адамдарым менен биргеликте өткөрөм. Негизи "туулган күнүм" деп элди чакырбайт" деп коёт экен, ошондуктан куттуктап келген адамдар менен эле майрамдайбыз го (күлүп)".

Нурзат Токтосунова 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Ичке-Суу айылында төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, олимпиаданын жыйынтыгы менен эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университетине сынаксыз кабыл алынып, эл аралык мамилелер бөлүмүн окуп бүтүргөн. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "Маданий ишмердүүлүк" факультетин аяктаган.

"Курманжан датканын 200 жылдыгы", "Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы", "Куйручуктун 145 жылдыгы", "Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы", "Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы", "Ысык-Көлдө кадыр түн-2010, 2011, 2012", "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Супер концерт" жана башка ушул сыяктуу көптөгөн иш-чараларды алып барган.
Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат аттуу мырзага турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн.
Алып баруучунун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
  • "Максат жашоомдо пайда болгону жыргап калдым. Эркектин ийини баары бир эркектин ийини. Анын жашоодо ролу аябай чоң. Мендеги айрым жүктөрдү кадимкидей алып койду. Мисалы, тойго чейинки даярдыктын баарын Максат кылат. Оюндарды дагы өзү уюштуруп, жадакалса соңунда менин көйнөгүмдү дагы алмаштырып, жетелеп кетет. Артыкчылыгынан башка кемчилигин көрө алган жокмун".
  • "Мен көп эле келинди билем, алар "кайненем эмне дейт, жаман көрөт го?" деп каалагандай уктап, эс ала албай келишет. Мен да башында ошентип кыжалат болдум. Бирок мени чын ниетинен жакшы кабыл алышканын түшүндүм. Биздин үйдө ар кимибиз каалагандай жүрөбүз. Кээде уктап жатсак, апам менен атам бизди уктап алсын деп буттарынын учу менен басышат. Эң эле жакшы жери, ашыкча сөз жок. Сөз деген курт сыяктуу. Укпагандай түр көрсөткөнүң менен, мээңде айлана берип жеп салат. Мен сөздөрдөн аябай "үшүгөм".
  • "Интернет аркылуу деле жардам сурап кайрылган кыздар болот. Алардын көбү "алданып, боюмда болуп калды, ата-энеме айткандан корком, окуудан чыгып калдым" дешет. Чынын айтсам, мен деле мурун көп нерсени ата-энеме айткандан коркчумун. Ыйлап келгендерге боорум ооруп, айлап, жылдап үйүмдө багып, окуудан чыгып калгандардын окуу акысын төлөдүм. Күйгөндө да ошол адамдардан күйдүм. Мисалы, бир кыз жаңы туулган ымыркайын "көчөгө таштайм, сиз багып албасаңыз муунуп өлөм" деп жатып баласынан баш тартып кеткен. Бир нече ай баккандан кийин кайра менин үстүмөн арыз жазбадыбы. Мен эч нерсе айта албай, жөн гана отуруп бердим. Анткени окуяны таптакыр башкача айтып жатса, оозума сөз кирбей, абийир, адамдык сапат дегендин жоголуп кеткенине ичим өрттөнүп эле отуруп калдым".
2-июлдун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kenje-888
2018-07-02 14:07:35
Нурзат туулган кунун менен!
+2
Eureka
2018-07-03 01:35:56
Бактылуу бол.Айжан менен түшкөн сүрөтүнөрдө жоолук сонун жарашыптыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан