Бүгүнкү күндө кайра катталган унаалардын саны 120 миңден ашат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы Мелис Эржигитов маалымат жыйынында билдирди.
"3 ай аралыгынан бери унааларды кайра каттоо боюнча жеңилдетилген кампания жүргүзүлдү. Анын алкагында өлкөдөгү 120 миңден ашуун унаа кайра каттоодон өтүп, маалыматтары жаңыртылды. Бул иш-чара 2-апрелде башталган, акыркы жумаларда эс алуу күнгө карабай иштеп жатышты. Унааларды жеңилдетилген тартипте кайра каттоо бүгүн саат 22:00дө токтойт", - деди Эржигитов.