3 ай аралыгында унааларды кайра каттоо 10 эсе арзан баада жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Усеин Касмалиев.
"Өкмөттүн токтомуна ылайык, жүргүзүлгөн 3 ай аралыгындагы унааларды кайра каттоо 10 эсе арзандатылган баада жүрдү. Мурда унаанын кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жана жылына карап, орто эсеп 2000-3000 сом болсо, ал эми азыркы акция убагында 200-300 сом болуп жатат.
Мындан ары унааларды каттоодо мурдагыдай 0,1 пайыз (10 эсе) жеңилдетүү болбосо дагы, унааны каттоо 0,3 пайыз жеңилдик менен жүргүзүлүп, бул жеңилдик жыл аягына чейин созулат. 2018-жылдын 3-июлунан тарта 0,3 пайыз менен кайра каттоо мурдагыдай 10 эсе арзан болбосо дагы, азыркы коюмга караганда 3 эсе арзан болот", - деди Касмалиев.