Көзү азиз акынды мыйзамсыз камакка алуу боюнча Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголду

Башкы прокурор Жогорку Соттун үч судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"2017-жылдын 25-августунда активист Темирлан Ормуковго карата эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы каралган. Ушул эле күнү райондук сот Ормуковдун соттук отурумга келбегенине байланыштуу аны 1 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Ормуков соттордун бул чечимдеринин үстүнөн Жогорку Сотко арызданганда, 2018-жылдын 29-мартында ал 1 айга камакка алынган.

6-апрелде анын арызы Жогорку Сотко түшүп, мыйзамда белгиленген 15 күн ичинде каралган эмес.

№1-СИЗОнун жооптуу кызматкерлери Ормуковду бошотуу боюнча кызматтык милдеттерин аткарбай, аны 29-апрелден тартып 11-майга чейин 12 күн мыйзамсыз камакта кармашкан. Анын арызын Жогорку Сот Ормуков бошотулгандан кийин гана 14-майда караган", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам активист Темирлан Ормуковдун эркиндикке Конституциялык укугу бузулган. Кылмыш иши Ормуковду мыйзамсыз камакка алуу фактысы боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу", "Шалаакылык", "Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзмөкчү.

Эске салсак, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң айткандары жалган делип, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарганы кабарланган.

Кийин Темирлан Ормуков 29-мартта Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынганы жатканда жактоочусу келер алдында ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. Кийин кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. 5-апрелде тергөө иштери бүткөнгө чейин 2 ай убактылуу кармоочу жайда кармалат деп СИЗО-1ге камакка алынган. Ага карата киргизилген 2 айлык санкциянын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, ал 14-майда боло турган сотуна чейин бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
voennyi88
2018-07-02 15:56:55
Мына сага керемет. Соттолсо экен ошолордун озулору. Байкуш азиз агабызды коп кыйнады.
+8
bayhan
2018-07-02 16:21:32
Дастан Бекешев ошол майыптардын атынан депутат болуп шайланып келип кайра аларды кордогонуң курусун аман эле бол, ХХХХХХХХХ
+9
bekov01
2018-07-02 16:33:12
Ого жакшы башка судьяларды дагы тыккыла
+4
asman.81
2018-07-02 22:18:44
Уч сотту кошоктоп туруп,турмонун торуно киргизиш керек!
+2
Tolkun555
2018-07-02 23:20:26
Азамат
0
Tolkun555
2018-07-02 23:22:57
5-10сотту туура эмес чыгарган чечими учун камаганда коп куноосуз соттолгон адамдарга жакшы болот эле.
+1
talaa11
2018-07-02 23:30:16
Айбек Эрнис уулундагы камаса экен омур бойу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан