"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Консулдук кызмат департаменти: "Екатеринбург шаарындагы башкы консулдукка жарандарды ылдам тейлөө боюнча сунуштар айтылды"

Орусиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүргөн мигрант Дастанбек Султанов SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылып Кыргыз консулдугуна нааразычылыгын айткан.

"Консулдуктун кызматкерлеринин бизге болгон кайдыгер, орой мамилеси көптөн бери токтобой келе жатат. Барсаң улгайган адамсыңбы, бала менен келдиңби эске албайт, баарын кезекке тургузуп, көпкө күттүрөт", - деген ал.

Биз бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине кайрылганыбызда мигрант Дастанбек Султановдун нааразычылыгы Екатеринбург шаарындагы башкы консулдукка маалымдалганын билдирип, мындан ары жарандарды ылдам тейлөө боюнча сунуштар берилгенин айтышты.

"Башкы консулдукка кайрылып, кезекте турган жарандардын арасында ымыркай балдары бар же жашы улгайган жарандар болсо аларды алгачкы кезекте тейлөө жөнүндө тийиштүү сунуштар берилген. Бирок ошол эле учурда кезекте турган башка жарандардын нааразычылыктары болбошу шарт. Ошондой эле Консулдуктун жооптуу кызматкерлерине ылдам иштөө жана ишти жүргүзүү боюнча сунунштар берилген", - деди Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adilet2014
2018-07-02 22:37:35
Ооба мен да Екатеринбург шаарындагы консулдукка баргам. Кыргыздын туусу илинип турган жерди коргондо ушунчалык суйунгом, а бирок ичине киргенде ушунчалык конулум калган. Салам берсен алик алганды билбейт. Биз кутуп турабыз ичинде отургандар оздору менен оздору суйлошуп отурушат. Айтсан маани берип угуп да койбойт. Ушунчалык жаман болгом..... Буларды катуу текшериш керек. Кыргызга куйгон адамдарды коюш керек. Кыргызым дегендер толтура иштей албаса бошотуп берсин оордун.
+3
Jasa
2018-07-02 23:49:54
Жооп канаттандыраарлык эмес…
+1
BarsBaatyr
2018-07-04 09:13:25
Сунуш бербей катуу талап коюш керек.Бирок тушунобуз,талап коёюн десенер жалан эле озунордун жакыгдарынар болсо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан