"Кыргыздын Санкт-Петербург шаарындагы консулдугу менен 15-июндан бери байланыша албай жатам” деп Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жаткан Сыргак Мырзабек уулу "Элдик кабарга" билдирген.
Анын айтымында, бул шаардагы мигранттар консулдукка кайрылып, жаралган маселелери боюнча жооп ала албай убара тартып келишет.
"Консулдук биздин чалууларга жооп бербейт. Интернет аркылуу да көптөгөн суроолор келип түшкөнү менен бирине да жооп жазылбайт. Эгер консулдуктар мигранттар жардам сурап кайрылганда жардам бербесе, алардын эмне кереги бар? Эмне үчүн өкүлчүлүктөрдү ачып, андагы кызматкерлерге акча төлөнөт?" - деген ал.
Биз бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп узатышты.
“Тийиштүү өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө тынымсыз байланыш телефондору түзүлгөн. Санкт-Петербург шаары боюнча номерлер: +7-962-688-25-06, +7-900-63490-95, +7-921-939-35-40.
Жооптуу кызматкерлердин айтымы боюнча, кабыл алуу китепчесинде Сыргак Мырзабек уулу аттуу жаран жок. Ошондой эле телефон аркылуу андай жаран кайрылбагандыгын билдирген.
"+7-900-63490-95 телефон номери аркылуу 1-катчы Токобаева Аяна Асангуловнага бардык көйгөйлөрүңүз менен кайрылсаңыздар болот. Эгер кайрылганда көрсөтүлгөн жагдай кайра кайталанса 0312 66-08-11 номери же "105" кыска номери аркылуу байланышып, өз нааразычылыгыңыздарды билдирсеңиздер болот”, - деди Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев.