Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова: "Ишкерлер биздин мекендештерибизди жумуш менен камсыз кылып жатканы үчүн бул пайдалуу чечим"

Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялады. SUPER.KG порталынын мындай чечим пайда алып келеби же зыянбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берди.

Ал бизнеске мүмкүнчүлүктөр түзүлсө өкмөттүн аталган чечиминен зыян болбой турганын айтты.

"Бүгүнкү күндө текшерүүчүлөрдүн саны аябай көбөйдү. Мындай текшерүүлөр орто жана чакан бизнеске аябай чоң зыян келтирет. Бизнесмендер бир гана текшерүүлөр менен алек болуп жүрө берет. Ар бир бизнесмен насыя алып иштейт.

Менин оюмча, бизде Кыргыз мамлекетинде бизнесмендерге берилген насыялардын пайызы чоң. Ишкерлер насыя төлөшү керек, аларда иштеп жаткан кызматкерлерге айлык берүүсү зарыл. Насыяларды төлөш керек. Коммуналдык төлөмдөр, салыктар бар. Ошонун баарына каражат жетиш үчүн иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Бизнесмендер биздин мекендештерибизди жумуш орундар менен камсыз кылат", - деди Мамашова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Сайдулла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан