Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялады. SUPER.KG порталынын мындай чечим пайда алып келеби же зыянбы деген соболуна ишкер Эмил Үмөталиев жооп берди.
Анын айтымында, текшерүү иштери көпчүлүк учурда ашыкча болуп жатат.
"Тилекке каршы, биздин текшерүү органдары күчүн коррупционерлерге жумшабай, оокатын араң кылып жүргөндөргө жумшайт. Мындай чечим орто жана чакан бизнестерди ашыкча кийлигишүүдөн коргойт. Бийлик алмашып турганда ушундай иш-чараларды колдонгон жакшы. Бийлик алмашканда ортодогу өз кызыкчылыгын көздөгөн "жырткычтар" мамлекеттин ишине таянып, ишкерлерди өтө кыйнап коюшат", - деген пикирин билдирди Үмөталиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Айсулуу Мамашова, Сайдулла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.