Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов: "Салык төлөбөгөн ишкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл"

Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялады. SUPER.KG порталынын мындай чечим пайда алып келеби же зыянбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жооп берди.

Ал ашыкча текшерүү ишкерлерге зыян алып келет деген пикирде. "Бирок ошол эле мезгилде салык төлөбөгөн ишкерлердин жоопкерчилигин жогорулатып коюу керек. Ошондо жакшы болот. Бизнести текшерүүгө 3 жыл мораторий жарыяланганынан жоопкерчилиги жок адамдар пайдаланып кетпеш керек. Мындай чечимдин кабыл алынышы туура. Өнүккөн өлкөлөрдө жоопкерчилик күчтүү болгондуктан ишкерлер салыкты убагында төлөгөнгө шашылат", - деди Нышанов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Айсулуу Мамашова, Зиядин Жамалдинов, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан