Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесинен келген эки үй-бүлө Кыргыз мамлекетинен кетүүгө камынып жатканын айткан.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова SUPER.KG порталына бул маселе боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат даярдап жатканын билдирди. "Ар кандай сөздөрдү жоюу үчүн өкмөт маалымат даярдайт. Ошол жерден расмий маалымат аласыздар. Мен азыр жооп бере албайм", - деди Өмүрбекова.
Азырынча бул маселе боюнча өкмөттөн эч кандай билдирүү таратыла элек.
Эске салсак, 2017-жылы өлкөгө Кичи жана Чоң Памирден 6 үй-бүлө, тагыраагы, 33 этникалык кыргыз келген.