Премьер-министр Абылгазиев мамлекеттик активдерди башкаруу ишмердигин сынга алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын ишмердиги маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү жана мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери коомдо кыйла курч турат.

"Сапаттык эмес, сандык көрсөткүч басымдуулук кылган жагдай түзүлдү. 2017-жылы жалпысынан 878 мамлекеттик ишкана өлкө бюджетине болгону 266 миллион сом алып келген. Бул ошол компаниялардын натыйжалуулугунун төмөндүгүн билдирет. Эгерде жеке компаниялар төмөнкү рентабелдүүлүк менен иштесе, анда алар таратылат. Мамлекеттик компаниялардын шартында алар мамлекеттен маяна жана субсидияларды алууну улантышат", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр билдиргендей, компаниялардын жетекчилери өз ишмердиктерин заманбап рыноктук механизмдерге ылайык жүргүзүүлөрү кажет. Абылгазиев ошондой эле колдо болгон активдерди натыйжалуу башкаруунун төмөн экендигин билдирди.

"Азыркы тапта биз мамлекеттик ишканалардын рыноктук баасын билбейбиз. Мамлекеттик компанияларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү боюнча бизде бир дагы таасирдүү долбоор жок, анткени бизнес аларга ишенбейт", – деди өкмөт башчы.

Премьер-министр бир айлык мөөнөттө мамлекеттик компаниялардын рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле алардын көрсөткүчтөрүнө жараша эмгек акыларын кайра карап чыгууну тапшырды.

Муну менен бирге натыйжасыз мамлекеттик компанияларды кайра түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан