Бийликти сындаган көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун ишинин окуясы (хронология)

Кечээ, 2-июлда Башкы прокуратура көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун мыйзамсыз камалышы боюнча Жогорку Соттун үч судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Айта кетсек, акын Темирлан Ормуков өз ырлары менен бийликти сындап келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындаган "Ажонун ооруп жүрөгү" аттуу ыры коомчулукта резонанс жараткан.

Көзү азиз акынды абакка жеткирген чырлуу окуяларынын хронологиясы:

  • 2013-жылдын 12-июнунда Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун башталышында сөз сүйлөгөн.
  • 2013-жылдын 5-августунда Ron Stoparic аттуу интернет колдонуучусу Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы 12-июнда сүйлөгөн сөзү "нарындыктар, койсуңар" деген аталыш менен видеону интернетке жүктөгөн.
  • 2016-жылы сентябрь айында "Дүлөйлөр жана азиздер" коомунун мурдагы жетекчиси, активист Темирлан Ормуков "Ажонун ооруп жүрөгү" деген ыры менен Атамбаевдин ошол видеосундагы сүйлөгөн сөздөрүнө:
    "Таластын элин эл дебейт
    Таарынткан калкка теңдебей,
    Нарындык койлор калабы,
    Сен өлсөң эми жем жебей..." деген ыр саптары менен жооп кайтарган.
  • 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ормуков Атамбаевдин беделине атайылап шек келтиргенин айтып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.
  • 2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап социалдык түйүндөргө жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев бергени айтылган.
  • 2017-жылдын 2-февралында Темирлан Ормуковго "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ормуковдун "Бекешев оң рулдуу унааларды саткан ишкерлердин кызыкчылыгын парламентте коргогону үчүн пара алды" деп айтканына депутат нааразы болуп, милицияга арыз жазган. Милиция текшерүү жүргүзүп, Ормуковдун сөзү негизсиз экенин аныктап, ага карата кылмыш ишин козгогон.
  • 2017-жылдын 6-февралында Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин нарындыктар жана таластыктар жөнүндө айтканы боюнча билдирүү тараткан. Анда президенттин 2013-жылдын 12-июнунда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун башталышында сүйлөгөн сөзү атайылап кыркылып, монтаждалганы айтылган.
  • 2017-жылдын 25-августунда Октябрь райондук соту "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" беренеси козголгон боюнча кылмыш ишинин негизинде Темирлан Ормуковго карата эч жакка чыкпоо боюнча чечимин чыгарган. Ушул эле күнү райондук сот Ормуковдун соттук отурумга келбегенине байланыштуу аны 1 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
  • 2018-жылдын 29-мартында Темирлан Ормуков Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынганы жатканда жактоочусу келгенге чейин ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. Кийин кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган.
  • 2018-жылы 5-апрелде тергөө иштери бүткөнгө чейин 1 ай убактылуу СИЗО-1ге камакка алынган.
  • 2018-жылдын 12-майында Темирлан Ормуковго карата киргизилген 2 айлык санкциянын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ал 14-майда боло турган сотуна чейин бошотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stimyl.kg
2018-07-03 17:41:32
Ошондо бул жерде күнөөлү Атамбаевдин ХХХХХ Дастан Бекешев болуп жатабы? Менимче бул депутаттында жоопкерчилигин караш керек эгер акыйкатуулук болсо. Негизи эле ар бир бийликтин тушунда ХХХХХХХХ өркүндөйт тура..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан