Бүгүн Жээнбеков мыкты бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырат. Алардын катарында Бабановдун уулу бар

Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырат.

Нурэмир Бабанов атасы мененБилим берүү жана илим министрлигинин тизмесине ылайык, эң жогорку баллдын ээси - Бишкектеги №70-мектеп-гимназиясынын окуучусу. Ал 237 балл менен сап башына чыккан. Андан кийинки катарда 232 балл менен Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61-мектептин окуучусу, 3-орунда ушул эле билим берүү мекемесинин окуучусу 231 балл менен жайгашкан.

2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов 224 балл алып, "Алтын сертификат" алчу бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирген. Ал борбор калаадагы №61-мектепти бүтүргөн.

Аймак боюнча эсептегенде:

1. Бишкек шаары - 43 окуучу;

2. Ош облусу - 4 окуучу;

3. Ысык-Көл облусу - 3 окуучу;

3. Нарын облусу - 3 окуучу;

4. Талас облусу - 2 окуучу;

5. Баткен облусу - 1 окуучу;

5. Жалал-Абад облусу - 1 окуучу;

5. Чүй облусу - 1 окуучу;

Дагы бир окуучу мектебинин дарегин туура эмес көрсөткөн.

Айта кетсек, жалпысынан 45 миң 607 окуучу тест тапшырган, анын ичинен 29 миң 49 окуучу кыргыз тилинде, 16 миң 558 бүтүрүүчү орус тилинде тапшырган.

Окуучулардын алган орточо баллы бул жылы 119,4 болду, өткөн жылы бул көрсөткүч 117,8 болчу. 110 болгон босого баллдан өткөн окуучулардын саны 26 миң 180ди түзүп, алар өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жалпысынан алып караганда, тест тапшыргандардын 57 пайызы босого баллдан өткөн. Өлкө боюнча 119 тест борборлору иштеп, жыйынтыктарды эсептеп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aidartegin
2018-07-03 08:58:41
Атасы учун баласы жооп бербейт!
+16
anGelina-345
2018-07-03 09:04:09
Ии ананайын красавчик)
+7
sumka
2018-07-03 09:47:42
Менин синдим дагы бар,224 балл менен!
+5
nuri1
2018-07-03 10:29:28
sumka,
Синдинди куттуктайм.
+2
sumka
2018-07-03 11:32:31
nuri1,чон рахмаат!!!
-1
didu
2018-07-03 10:30:46
красавчик
+4
jbolotov
2018-07-03 10:54:08
Коп бал алуу илимдуу дегенди билдирбейт, бир жолку тестин жыйынтыгы менен алтын сертификат беруу коптук кылбайбы?
+2
sumka
2018-07-03 11:39:56
Ошол сертификат берип,билимин баалаа келечекте озу каалаган окуусуна отуп алууга шарт тузгондун эмнеси коптук?баары эле колунда бар бай адамдардын балдары эмес бул жерде,карапайым эле уйбулоодон чыккан кыздар балдар да бар.Контракт толоосу кымбат болуп кыялын оорундаталбагандар бар дегендей!
+3
Modric10
2018-07-03 11:54:21
Бабановдун уулу чын эле жакшы окуйт болду бекен
+1
karakulja
2018-07-03 12:19:06
Неге Бишкектен коп жазылган?
+1
Pandora
2018-07-03 14:17:58
karakulja,себеби Бишкекте орто мектептер жана гимназиялардын саны коп башка шаар,областтарга караганда ошого
0
Pandora
2018-07-03 14:18:39
Бир кезде уктум эле улуттук тестирлоо да корупцияга айланыптыр деп
+1
kyrgyzstan00
2018-07-03 14:42:02
Москва да синдим 250балл менен отуп кубанып жатабыз!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан