Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган Нурэмир Бабанов "Алтын сертификатты" колдонбойт. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июлда журналисттерге билдирди.
"Мен чет өлкөдө окууну пландап жатам. Кайсы өлкөдө экенин айтпай эле коёюн. Бир систем боюнча 10дон ашуун университетке тапшырдым. Анын жыйынтыгына бардыгы эле ыраазы болсо керек, бирок эки адам нааразы: мен жана атам. Анткени бизде "мыктылыктын чеги жок" деп айтылат. Мен максималдуу жыйынтыкка жетейин дегем, бир аз жетпей калдым. Буга мен нааразымын. Техникалык билим алгым келүүдө, кесип боюнча инженер-механик болоюн деп жатам", - деди ал.
Мындан тышкары Нурэмир Бабанов жалпы республикалык тестирлөөгө даярданбай барганын айтты. "Бул тестке кандайдыр бир пландар менен барган жокмун. Көп балл алуу милдетим жок болчу. Мектебимдин намысын коргош үчүн жана жакшы жыйынтык көрсөтө аларымды далилдеш үчүн тестти тапшыргам", - деди бүтүрүүчү.
Айта кетсек, Нурэмир Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун уулу. Ал ЖРТдан 224 балл алып, "Алтын сертификат" алчу бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирген. Ал борбор калаадагы №61-мектепти бүтүргөн.
Билим берүү жана илим министрлигинин тизмесине ылайык, эң жогорку баллдын ээси - Бишкектеги №70-мектеп-гимназиясынын окуучусу. Ал 237 балл менен сап башына чыккан. Андан кийинки катарда 232 балл менен Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61-мектептин окуучусу, 3-орунда ушул эле билим берүү мекемесинин окуучусу 231 балл менен жайгашкан.