Шашылыш билдирүү! 3-4-июль күндөрү өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын жаап, сел жүрүшү күтүлөт

3-4-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

"2 күн бою өлкөдө нөшөрлүү жаан жаагандан улам сел жүрүшү күтүлөт. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Жарандык коргонуу кызматтары, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялар жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүсү зарыл", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан