Сапар Исаковдун жактоочусу менен УКМКнын тергөөчүсүнүн соту эртеңкиге жылдырылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча сотко эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 9:00дө УКМКнын тергөөчүлөрүнүн үстүнөн жазылган арыз каралмак. "Алар Сапар Исаковго козголгон кылмыш иши боюнча материалдарды берүүдөн баш тартышкан. Бүгүнкү соттук отурумга тергөөчү жана прокурор келген жок. Мындай көрүнүш УКМКнын жана прокуратуранын сотко болгон терс мамилесин көрсөтүүдө: бир гана судьяга эмес, сот адилеттигине. Соттук отурум эртең саат 13:30да болмокчу", - деди Токтакунов.

Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.

Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко арыз берген. Ал Сапар Исаковдун ишин тергеп жаткан УКМКнын тергөөчүсү аталган иш боюнча материалдардын көчүрмөсүн бербей койгондугу үчүн арызданганын айткан. "Бул кадам Кылмыш-жаза кодексине каршы келет. Бул УКМКнын тергөөчүнүн статусунун маанисин билбейт дегенди түшүндүрөт", - деген жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nuri1
2018-07-03 10:24:05
Сапарды колдойбуз. Келечекте жаш президент катары коробуз. Сапар сизди жалган жерден эле куноолоп салганын биз коруп турабыз. Раим миллионго окшогондор журушот го. Соке ал жонундо ун каткан жок.
+1
filis
2018-07-03 11:06:13
Оз оюн ачык билдиргендерди, коррупцияга шылтап камай беруу туура эмес. Мискембаевди да ошентип куугунтук жасап жатат.
0
bekmirzach
2018-07-03 15:00:06
Бишкек ТЭЦин модернизациялоону колго алуусуна С. Исаков да өзгөчө таасир эткен десек болот. Ал эми ал А. Атамбаевдин “оң колу” болуп саналарын билчүбүз. Андыктан бул коррупциялык көрүнүштө экс-президент А. Атамбаевдин да салымы бар экенинен күмөн саналбай калды.
0
tnz
2018-07-03 14:49:04
Исаковтун жактоочусун кошуп камап таштагыла, Сапардын эмнесин кутуп отурасынар бундай жэмкорлрду Кытайга окшотуп ХХХХХХХХ
0
bekmirzach
2018-07-03 14:59:24
Сапар Исаков в которого многие поверили, поверили его сладким речам, на деле оказался действительно балашкой АША. Не смог самостоятельно принимать решения, все согласовывал со своим шефом. Просто обманул надежды очень многих. Сколько протянет в тени АША?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан