Жээнбеков мыкты бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырып жатып, "балдарым", "сиздер" деп кайрылды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады.

Өлкө башчы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик, кең келечек каалады.

"Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздерди окууну ийгиликтүү аякташыңыздар менен куттуктайм. Сиздердей билимдүү жаштар барда өлкөбүзгө бакубат жашоо келет. Сиздерди көрүп кийинки бүтүрүүчүлөр да жакшы тарбия алат.

Мамлекеттик саясаттын негизгиси - сапаттуу билим берүү. Дүйнө өнүгүп жатат, ошол дүйнөгө биз билимибиз менен гана атаандаштык жарата алабыз. Алдыга койгон максатка бир гана билим менен жетүүгө мүмкүн.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн башталганына 17 жыл болду. Бул тестирлөө билим берүү системиндеги эң ийгиликтүү жол, коррупциянын алдын алууга да көмөк болот. Мына сиздер 60 миң окуучунун ичинен жогорку ийгилик жаратып, келечекке чоң кадам таштадыңыздар.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, балдарым, сиздердин келечекте бийиктиктерди жетишиңиздерди каалайм", - деди өлкө башчысы Жээнбеков.

Куттуктоо сөзүнөн кийин ал мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттарды" тапшырды. Ошондой эле президент "Алтын сертификат" менен бирге акчалай сыйлык жана ноутбук белекке берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
LoLoPePe
2018-07-03 10:43:54
Балдарым, сиздер деп кайрылып койгондун эмнеси жанылык, жанылыгынардын аталышы укмуш экен, мамлекеттик жогорку даражадагы адамдардын сиздер деп кайрылуусу кадимки корунуш.
+7
filis
2018-07-03 10:45:34
LoLoPePe,
Туура. Кошулам. Баардык жерде сиз деп эле кайралабыз го.
+5
bond02
2018-07-03 11:58:52
Ал созду айтыш баарынын эле колунан келет.
+1
surgeon777
2018-07-03 12:21:04
Анан сен деп сенсиресинби,тоже мне жанылык))
+1
bekmirzach
2018-07-03 12:36:39
Бүгүнкү бүтүрүүчүлөр эртеңки биздин кеолечек. Окуучулардын алгачкы жеңиши болгон бул ийгилигин президент Сооронбай Жээнбеков көңүл сырттында калтырбай жылуу сөзүн айтып белектерин тапшырыптыр. Президенттин бул кадамы келечек ээлерине дагыда стимул болуп элдин керегине жараган инсан болушуна чоң түрткү болот.
+2
Jelezo
2018-07-03 13:30:12
Мамлекеттик муниципиалдык кызматчылар кызматтык этикага ылайык даражасынын бийиктигине карабай сиз деп кайрылышат
+3
Mamiev
2018-07-03 16:46:12
Ушул Соке озун ар-нерсе кылып эл оозуна алына берет экен да толку жок эле.Иш кыл кор.я жана сотторду адилетту иштет жегендерди кама мал мулкун мамлекетке откор,чек араны тактап чечип кой адилеттуу болуп жакындарын иш ордунан майлуу жерге алмаштырбай мамлекетти онуктур.Анан жеке учак менен уча берсин сен деп кайрыла берсин зато иш алып барып жатат дегенге...
+2
Aznazalai
2018-07-04 05:46:43
Эми ушул жерден да кычык издебей жон эле отуп кеткиле да комментарии жазгандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан