Кыргыз өлкөсүндө тоо туризмин өнүктүрүү үчүн тик учактар жетишсиз

Бул тууралуу бүгүн жайкы туристтик сезонго даярдануу боюнча өткөн атайын маалымат жыйында айтылды.

Кыргыз туристтик фирмаларынын ассоциациясынын мүчөсү Елена Калашникованын айтымында, туристтик бирикмелер бир нече жылдан бери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы менен иштешип келишет.

"Чет өлкөлөрдөн келген альпинисттерди алып жүрүү үчүн же кандайдыр бир кырсык катталган учурда аларды куткаруу үчүн биз куралдуу күчтөрдүн МИ-8 МТВ-тик учагын колдонобуз. Бирок бул тик учактын тетиктери биздин өлкөдө жок. Тетиктерди Казакстандан алууга мажбур болуудабыз. Казак тарап да бизде түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып тетиктердин баасын асманга чыгарып жиберүүдө", - дейт ал өз сөзүндө.

Ал эми куткаруу кызматынын өкүлү Владимир Комиссаров:

"Мындай абалга карабай Кыргыз жерине келген туристтердин саны арбын. Өлкөбүз тоо туристтерин тартуу боюнча коңшуларга караганда алдыда. Ошентсе да туризм тармагына мамлекеттен каражат бөлүнсө дагы да бир топ өнүгүү жасамакпыз", - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurik1988
2018-07-03 17:31:31
Жейсинерда дагы болунсо
0
jumaev0084
2018-07-03 18:51:53
Сатып ийсенер жок да
0
Elaigun1991
2018-07-03 22:59:14
Биз деле казактардан кем болбой учактарды арендага беримиш болуп кымбаааат эле сатып жатпайбызбы , жакшы Эле корунушко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан